Чек арада окко учкан Бекзод Юлдашев атындагы класс ачылды

Баткен облусунун Лейлек районундагы Юрий Гагарин атындагы орто мектебинде чек арачы Бекзодбек Юлдашев атындагы класс ачылды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарага Лейлек районунун имамынын орун басары Абдилашим Ормонов, райондук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Лейлек районунун аскер кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана мектеп жамааты катышты.

Классты ачуу аземинде Абдилашим Ормонов төмөнкүлөргө токтолду: “Мекенди сүйүү ыймандан” деп айткан. Бекзодбек өз мекенин сүйгөн жоокер эле. Ал өз милдетин так аткаруу учурунда каза болгон. Ушундай чек арачыларыбыз менен биз ар дайым сыймыктанабыз”, — деди.

Бекзодбек Юлдашев 1990-жылы 11-майда Исфана шаарында туулган. 1996-жылы Ю.Гагарин орто мектебине 1-класска кирген. 2004-жылы 8-классты аяктап, Бишкек  шаарындагы Советтер Союзунун баатыры Дайыр Исмадияров атындагы кыргыз улуттук аскер лицейине тапшырган. 2007- жылы окууну ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы Ош шаарындагы №36-806 аскер бөлүгүндө атуулдук милдетин өтөп келген.

Ал 2021-жылы 29-апрелинде №2022 аскер бөлүгүндө майор Б.Раимбеков атындагы «Капчыгай» чек ара бекетинин «Ак-Сай» чек ара постунун 0,7 гектар жергилигинде Тажикстан менен чектешкен чек арасында (шарттуу чек ара тилкеде) кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда күжүрмөн техникалары менен куралдуу атышууда өзүнүн мекен алдындагы милдетин так аткарып жатып курман болгон.

Мекен чегин коргоп жатып окко учкан Бекзодбек Юлдашевдин артында 2 уул, 1 кызы калды. Бекзодбек Юлдашевке президенттин жарлыгына ылайык «Эрдик» медалы ыйгарылган