Дизайнерлердин жана усталардын ассоциациясы түзүлдү

Соода-өнөр жай палатасынын алдында дизайнерлердин жана усталардын ассоциациясы түзүлдү. Бул тууралуу аталган мекеменин директору Темир Сариев билдирди.

Анын айтымында, ассоциацияда республиканын бардык чеберлери эл аралык рынокто өз кызыкчылыктарын жылдыруу максатында бир чоң уюмга биригүүнү чечишти.

“Мындай улуттук сувенирлерди биз расмий жолугушууларда көп берип турабыз, бирок биз– калпак, чапан жана башка сувенир, буюмдардын сапатын жана дизайнын жакшыртуубуз керек.

Дүйнөлүк рынокто төмөн сорттогу товарларга чыдабай, биздин кол өнөрчүлөр тууралуу сөз кылуу үчүн, биз кол өнөрчүлөрдүн буюмдарын илгерилетүү үчүн гана эмес, ошондой эле алардын профессионалдык кызыкчылыктарын, анын ичинде эл аралык рынокто да коргоо үчүн кол өнөрчүлөр ассоциациясын түздүк”, — деп билдирди ал.