Ошто тургундун үйүнөн дээрлик 2 кг нашаа табылды

Ош шаарынын жашоочусунан 2 килограммга жакын нашаа алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 14-февраль күнү ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана бажы кызматынын кызматкерлери Ош шаарынын 35 жаштагы К.Д. (аял киши) аттуу тургунунун үйүндө тинтүү иштерин жүргүзгөн. Тинтүү иштеринде кызматтык ит колдонулган.

«Тинтүү учурунда үйдөгү эмеректен кара баштыкка салынган 4 таңгактагы өзгөчө жыты бар баңгизат табылып алынган. Соттук-химиялык эскпертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат 1 кг 904 грамм салмактагы нашаа баңгизаты экендиги аныкталган», — деп билдирет ИИМ.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда аталган ишке тиешеси бар жарандарды аныктоо болюнча иштер жүрүүдө.

YouTube video
x3 2.jpeg.pagespeed.ic.DDZ6P9 CE Ошто тургундун үйүнөн дээрлик 2 кг нашаа табылды
x2 1.jpeg.pagespeed.ic.eN8Q9gGwv3 Ошто тургундун үйүнөн дээрлик 2 кг нашаа табылды