Түркияда бир да имарат урабаган шаар табылды

Түркиянын түштүк-чыгышындагы жер титирөөдөн эң көп жабыркагандардын бири болгон Хатай провинциясында бир дагы имарат урап калбаган шаар табылды. Бул тууралуу Түркиянын TV5 телеканалына Эрзин шаарынын мэри Оккеш Элмасоглу билдирди. Ал белгилегендей, имараттар толугу менен бузулган жок, бирок алар жабыркаган.

Мэрдин айтымында, 42 миң калкы бар Эрзин шаарында жер титирөөдөн бир дагы жергиликтүү тургун каза болгон жок. 

“Бизде эч кандай жоготуулар, жаракаттар жана кыйроолор болгон жок”, – деп билдирди мэр.

Ошол эле учурда жакын жердеги Османие (түндүктө 20 км), Хатай (түштүктө 110 км) жана башка шаарлар табигый кырсыктан олуттуу жабыркаган.

Шаар башчысы бул фактыны курулуш нормаларын бузууга катуу тыюу салганы менен түшүндүрдү. Элмасоглу жакындарына да лицензиясы жок курулуш курууга уруксат бербегенин, курулуп жаткан имараттардагы курулуш нормалары дыкат текшерилип келгенин баса белгиледи.

“Мен мыйзамсыз курулуштарга жол бербейм. Албетте, адамдар ар дайым уруксатсыз жана көзөмөлсүз куруунун жолун табышат. Бирок 100% алдын алуу мүмкүн болбосо дагы, масштабын кыскартууга болот. Мен компромисске барган жокмун жана бул үчүн мага көп адамдар менен урушууга туура келди. Бирок менин абийирим таза”, – деди Элмасоглу.

Оккеш Элмасоглу 2019-жылдын 31-мартында өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Республикалык элдик партиядан шаардын мэри болуп шайланган. Ал  аталган шаарда туулуп-өскөн. Университетти бүтүп, аскер кызматын өтөп келген соң кичи мекенине кайтып келип, мэрликке чейин жеткен.

162979784aabd8cb0bad4ace8fefa206ddadb83 Түркияда бир да имарат урабаган шаар табылды