Түркияда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду

Түркиянын чыгышындагы Бингөл провинциясында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу жума күнү, 7-апрелде Түркия өкмөтүнө караштуу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу башкармалыгынын (AFAD) сайтында маалымдалды.

Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 11.29да катталган. Жер титирөөнүн очогу Бингөл шаарында болгон.