Аткезчилик жол менен ташылган дарылар аныкталды

  УКМКнын берген маалыматына ылайык, 2023-жылдын 5-апрелинде, контрабандага каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жана УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан КР Баткен облусунун Баткен районунун Дөбө айылында Россия Федерациясынын мамлекеттик Р516Х777 номурлуу “Ауди-100” үлгүсүндөгү авто унаасы менен Баткен районунун Кара-Бак айылынын 1970-жылы туулган М.Э.М. аттуу тургуну кармалган. 
  1Текшерүү учурунда унаанын ичинен “Лефлоксин 500 мл” дары түрүндөгү жалпысынан 5 куту, 600 флакон контрабандалык жүк табылып, унаа жүгү менен бажы терминалына коюлган1, - деп айтылат маалыматта.
  Учурда тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
f5d60827 09aa 4310 9af5 1a13e89f7f2e Аткезчилик жол менен ташылган дарылар аныкталды
5971c207 4d48 420b 9cc0 ae0da97afcfb Аткезчилик жол менен ташылган дарылар аныкталды
b749d2b4 5d61 4137 bead 9b57fa93b1d3 Аткезчилик жол менен ташылган дарылар аныкталды