50 жылда дүйнө жүзүндө жер титирөөдөн он миңдеген адамдар көз жумду

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, Түркия менен Сириядагы зилзала 23 млн кишиге, анын ичинде 1,4 млн балага залакасын тийгизиши мүмкүн.

Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон. Түш оой аймакта күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө кайталанган.

Түркияда 6 миңден ашуун имарат кыйрады. Түркиянын президенти Режеп Эрдоган бул 1939-жылы Эрзинжанда болгон жер титирөөдөн берки эң ири каргаша болуп калганын айтты. Түркияда 12-февралга чейин аза күтүү жарыяланды. Жер титирөө болгон өлкөнүн он аймагында үч айга өзгөчө абал жарыяланды. Бийлик апааттын кесепетин жоюу үчүн 100 млрд лира же 5,3 млрд доллар бөлдү.

Түркияга башка өлкөлөрдөн 5 миңден ашуун куткаруучу келди.

MyCollages 23 1 50 жылда дүйнө жүзүндө жер титирөөдөн он миңдеген адамдар көз жумду
Ата-энесин жоготкон бир туугандар
MyCollages 22 1 50 жылда дүйнө жүзүндө жер титирөөдөн он миңдеген адамдар көз жумду
Уулунун сөөгүн кармап турган ата

Акыркы 50 жылда дүйнө жүзү жер титирөөдөн он миңдеген адамдардын өмүрүн алып кетти. Ал эми жер титирөөлөрдүн экономикалык зыяны бир триллион доллар чегине жакындады. Бул тууралуу Анадолу агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда,  2011-жылдын 11-мартында Япониядагы 9,1 баллдык жер силкинүү 360 миллиард долларлык зыян алып келди.  Бул дүйнө жүзү боюнча рекорддук көрсөткүч болгон.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (ПРООН) жана Камсыздандыруу маалымат институтунун маалыматы боюнча, «Тохоку жер титирөө» акыркы жарым кылымдагы дүйнөдөгү эң кыйраткычтардын бири болгон.

Күчү 9,1 баллга жеткен жер титирөөлөрдүн жана андан кийинки цунамилердин кесепетинен 20 миң адам каза болуп, кырсык болгон аймакта 70 миллион метр куб таштанды топтолгон. Жер титирөөдөн келтирилген экономикалык зыян 360 миллиард долларды түздү.

Камсыздандыруу маалымат институтунун маалыматы боюнча, камсыздандыруу компаниялары тарабынан 47 миллиард доллар төлөнгөн. 2011-жылдагы зилзала да дүйнөлүк тарыхтагы эң камсыздандырылган жер титирөө болду.

1995-жылы Японияда болгон 6,9 баллдык Улуу Ханшин Аваджи жер титирөө 6400дөн ашуун адамдын өмүрүн алып, 200 миллиард долларлык экономикалык чыгымга учураган.

Түркиядагы жер титирөөлөр

Түркия Ишкерлер Конфедерациясынын (TÜRKONFED) маалыматына караганда, Түркиянын түндүк-батышындагы Гөлжүк аймагында 1999-жылы 17-августта болгон жер титирөөнүн экономикалык зыяны 17,1 миллиард долларды түзгөн. Гелджук шаарында күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөөнүн курмандыктары 17 миң 480 киши болду.

TÜRKONFEDдин эсептөөлөрүнө ылайык, очогу Түркиянын Кахраманмараш аймагында болгон 2023-жылдын 6-февралында болгон эки жер титирөөнүн экономикалык зыяны 84,1 миллиард долларды түзөт.

Дүйнөлүк банктын болжолдоосу боюнча, 6-февралдагы жер титирөөлөрдөн түздөн-түз материалдык чыгым 34,2 миллиард долларды түздү.  Ал эми урап калган имараттарды калыбына келтирүүгө эки эсе көп каражат керектелет.

4-мартка карата Түркиянын 11 провинциясында 45 миң 968 адам катуу жер титирөөлөрдүн курмандыгы болду.

ПРООНдун маалыматы боюнча, жер титирөөлөрдөн кийин Түркиянын түштүгүндө жана түштүк-чыгышында талкаланган үйлөрдүн урандыларынан улам 100 миллион метр куб таштанды пайда болгон.

Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борборунун маалыматы боюнча, 18-март күнү эртең менен Түркияда жаңы жер титирөө болгон.

Түркиянын түштүк-чыгышындагы Кахраманмараш провинциясында күчү 4,8 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөөнүн очогу Гёксун шаарынан төрт чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан. Очок эки километр тереңдикте жаткан.