«Ысык-Көл» аэропортунун тосмосунун бир бөлүгү кулап түштү

Ысык-Көлдө катуу шамалдан улам Тамчыдагы «Ысык-Көл» аэропортунун тосмосунун бир бөлүгү кулап түштү. Бул тууралуу социалдык тармактарда сүрөттөрү менен кошо видеосу тарады.

Тосмо эки ай мурун курулган. 19-март күнү, эртең менен жолдон өтүп бара жаткандар катуу шамалдан улам тосмонун бир топ бөлүгү кулап түшкөнүн байкашкан.

Эске салсак, бир күн мурун Балыкчыда катуу шамал болгону айтылган.