Талас областында “Арсенал” рейди өтүп, мыйзам бузгандарга 57000 миң сом айып салынды, – видео

​Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Таласта 10-13-февралга чейин “Арсенал” рейди ​​өткөрүлдү. Анда мыйзамсыз сактоодогу ок атуучу куралдар, ок дарылар, жарылуучу заттарды аныктоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3 февралында № 50 сандуу токтомунун негизинде Талас облусунун аймагында эл арасында мыйзамсыз сакталган ар ​ кандай ок атуучу куралдарды өз ыктыяры менен тапшыруусун жана ошондой эле тапшырылган ок атуучу куралдар өздөрүнүн пайдасына мыйзамдаштыруусуна түшүндүрмөлөр берүү үчүн багытталган. Мындан тышкары ок атуучу куралы бар ээлери менен ок атуучу курал менен колдонулган кылмыш, окуя болтурбоо боюнча профилактикалык иш чараларды жүргүзүү, ошондой эле ок атуучу курал менен колдонууда коопсуздук эрежелери туралуу сактоо жана аткаруу. Ошондой эле Талас облусунун аймагында каттоодо турган ок атуучу куралдарды тейлеген ​ аймактан сырткары чыгып кетишине бөгөт коюуга багытталды.
Талас областы 5 аймакка бөлүнүп, аталган профилактикалык иштеринин жүрүшүндө жарандар тарабынан жалпысынан​ 7 ок атуучу курал алынган. Анын ичинен 7 сайсыз. Тактап айтканда, Кара-Буура районунан 2 сайсыз, Бакай-Ата районунан 1 сайсыз, Талас районунан 4 сайсыз. Мындан тышкары МУУры тарабынан тейлеген административдик аймактарында 401 ок атуучу куралдары бар жарандардын​ турак жайларындагы ок атуучу куралдардын сактоо эрежелери текшерилди. Натыйжада жалпы 70 административдик протокол түзүлгөн, анын ичинен​ ​ ок атуучу газ пневматикалык ыргытма жана электрондук куралын каттоо мөөнөтүн бузгандыгы үчүн 134-берене менен 15 административдик протокол түзүлгөн. Ок атуучу газ пневматикалык ыргытма жана электрондук куралын сактоо жана ташуу 133 берене менен​ 12 протокол түзүлгөн жана ошондой эле башка беренелер менен 43 протокол түзүлгөн. Жарандарга түзүлгөн административдик протоколдун негизинде 57000 миң сом айып салынган“, – деп айтылат маалыматта.

Профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жалпысынан 40 милдеттемеге кол тамгасын койдуруп тапшырган.
Мындай иш чаралар Талас ОИИБи тарабынан мындан ары улантылат.