Түркиядан кетүүнү каалабаган кыргызстандыктар бар

Түркиянын Газиантеп, Кахраманмараш, Хатай, Малатия, Османие, Адана жана башка жабыркаган шаарлардагы Кыргызстандын жарандары менен байланыш бар экендигин Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда кооптуу аймактарда өлкөнүн башка коопсуз аймактарына кетүүнү каалабаган мекендештер бар.

“Ошондой эле Кыргызстандын издөө-куткаруу топторуна жардам берген ыктыярчылар дагы бар”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстандан Түркияга 7-февралда 67 куткаруучу жана издөө иштерине үйрөтүлгөн эки ит жөнөтүлгөн. Ал эми 12-февралда 80 куткаруучу, үч дарыгер жана 78 боз үй менен боз үй тигүүчүлөр жөнөтүлсө, 13-февралда 35 адам, алардын ичинде – үч дарыгер, үч боз үй тигүүчү жана куткаруучулар учуп кетишти. Мындан сырткары, 49 боз үй, мобилдүү кийиз үй жана медикамент түрүндө гуманитардык жүк жөнөтүлдү.

Буга чейин кыргызстандык куткаруучулар урандылардын астынан 5 адамды куткарып, 104 жарандын сөөгүн чыгаргандыгы кабарланган.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.