Түркияга жардам үчүн ачылган эсепке 102 млн сом топтолду

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсепке 11-мартка карата 102 млн 822 миң 315,83 сом, 18 миң 250 рубль жана 65 миң 67 доллар чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.

Банк: “Айыл Банк” ААК

ИНН: 01803199710084

БИК: 135001

ОКПО: 30597768

Эскерте кетсек, Түркия менен Сирияда 6-7-февралда катуу жер титирөө катталып, кеминде 45 миңден ашуун адам көз жумган. Учурда миңдеген жарандар турак-жайсыз күн кечирүүдө.