Алмазбек Атамбаев эркиндикке чыкты, – видео

Бүгүн, 14-февралда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Молдовановкада жайгашкан № 27 түзөтүү колониясынан эркиндикке чыкты.

Атамбаевди Рыскелди Момбеков, Асель Кодуранова, Мээрбек Мискенбаев баштаган тарапташтары күтүп алышты.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Сот кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата чыккан өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөттү. Биринчи Май райондук соту экс-президентти дарылануу үчүн чет жакка чыгууга уруксат берди. 

Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын августунан бери камакта. Ал Кой-Таш окуясы, 2010-жылкы Июнь окуясы, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупциялык иш боюнча шек саналып жатат. Ага Кой-Таштагы жер тилкеси боюнча да айып коюлган.

izobrazhenie 2023 02 14 172642908 1024x579 1 Алмазбек Атамбаев эркиндикке чыкты, - видео