Кыргызстандын куткаруучулары адамды уранды алдынан куткарып калышты

Кыргызстандык куткаруучулар Түркияда урандылардын алдынан бир адамды аман-эсен куткарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар Кахраманмараш шаарында бузулган имараттардын алдынан 6-күн дегенде бир адамды куткарышкан.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.