Ысык-Көлдө “Арсенал” операциясынын алкагында он үч жаранга айып салынды

Бул тууралуу Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмү кабарлады.

Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн демилгеси менен райондун аймагында 7-9 февраль күндөрү “Арсенал” операциясы өткөрүлдү. Болуп өткөн операциянын максаты – курал-жарактарды жана жардыргыч заттарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларга бөгөт коюуга багытталган.

Маалыматка караганда, операциянын жүрүшүндө милиция кызматкерлери жарандык куралдарды каттоо жана сактоо эрежелеринин сакталышы боюнча 327 турак-жайларды жана 47 кашарларды текшерип чыгышкан. Ошондой эле райондун жашоочулары менен бул багыттагы алдын алуу иштерин өткөрүшүп, курал-жарактарды жана жардыргыч заттарды жүгүртүү чөйрөдөгү мыйзамдар жана алардын талаптарын сактабагандыгы үчүн кандай жоопкерчиликтер каралгандыгы жөнүндө түшүндүрүп кетишти.

“Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында куралдардын каттоо мөөнөтүн жана аны сактоо эрежелерин бузган 23 факты аныкталды. Он үч жаранга карата 3000 сомдон ар бирине айып пул салынып, 10 жаранга эскертүү берилди. Ар бир аныкталган факты боюнча тиешелүү протоколдор түзүлдү”, – деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, операциянын жүрүшүндө мурда жасалган кылмыштардын 3 фактысынын бети ачылды. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 ок атуучу курал алынды.

Izobrazhenie WhatsApp 2023 02 10 v 10.42.04 Ысык-Көлдө “Арсенал” операциясынын алкагында он үч жаранга айып салынды
Izobrazhenie WhatsApp 2023 02 10 v 10.42.02 Ысык-Көлдө “Арсенал” операциясынын алкагында он үч жаранга айып салынды