Президенттик администрация “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топко долбоордун үчүнчү вариантын сунуштай турганы белгилүү болду.
![2023 02 10 16 54 39 297965 ЖМК мыйзамы. Президенттик администрация долбоордун үчүнчү вариантын сунуштайт](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/02/2023-02-10_16-54-39_297965.jpg)
Жумушчу топ 30-январда кезектеги жыйынга чогулган. Медиа коомчулук менен жумушчу топтун мүчөлөрү долбоордун экинчи варианты менен таанышып чыгып, 10-февралга чейин сунуштарды бермек.