Сирия менен Түркиядагы зилзаладан көз жумгандардын саны 24 миңге чамалады

Соңку маалыматтарга караганда, Түркияда катуу жер титирөөдөн 20 миңден ашык адам мерт болду, Сирияда 3,5 миңден көп кишинин сөөгү табылды.

Бириккен Улуттар Уюму апааттын толук кесепети азырынча анык боло электигин эскертти. Куткаруучулар урандыларды тазалап жатат, бирок аман калгандарды табуу үмүтү дээрлик калган жок.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жер титирөөнү “кылымдын кырсыгы” деп атады. Өлкөдө жабыркагандарга жардам берүүгө байланыштуу нааразылык айтылып жатат.

Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда жер эки жолу катуу силкинип, күчү 7,5-7,8 баллга жеткен. Андан бери 1,5 миңден ашык жер титирөө катталды.