Ошто мыйзамсыз сакталган 11 курал алынып, айып пулдар салынды

Ош облусунда «Арсенал» ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган иш-чара 7-февралда башталып, 11-февралда жыйынтыкталат. Анын алкагында милициянын «Уруксат берүү» системасынын каттоосунда турган 11 объектиде тиешелүү кызматтык ок атуучу куралдарын сактоо эрежелери текшерилди.

«Жарандардын курал жарактарын текшерүү учурунда үйлөрүнөн мыйзамсыз сакталган жана сактоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 11 курал жарак алынды», — деп билдиришти милициядан.