Видео: Кыргызстандык куткаруучулар Түркияда кош бойлуу келинди урандыдан алып чыгышты

Түркияга жөнөтүлгөн Кыргызстандын куткаруучулары кош бойлуу
келинди урандынын алдынан куткарып чыгышты. Окуя Кахраманмараш шаарындагы
Баалыжан районунда 11-февралда саат 19:21 чамасында болгонун Кыргызстандын
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Куткарылган келин 22 жашта, кош бойлуулуктун 6-айы экени белгилүү болду.
Соңку маалыматтар боюнча, 6-февралда таңга маал жана күндүз болгон жер
титирөөнүн кесепетинен Түркияда 21 миң 848 жаран каза болду. Бул маалыматты
президент Режеп Тайип Эрдоганга шилтеме берүү менен «TRT» телеканалы
билдирди.

Кыргызстандын куткаруучулары 6-февралда кечинде жөнөп кетишкен. Андан бери
жер титирөөдөн катуу жабыркаган Кахраманмараш шаарында издөө-куткаруу
иштерин жүргүзүп жатышат.