Кыргызстандын куткаруучулары уранды алдынан 7 жаштагы баланы аман-эсен таап чыгышты

Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүн, 12-февраль күнү Бишкек убактысы боюнча 02:30 чамасында Кыргызстандык куткаруучулар тарабынан Алиайчичек аттуу 2016-жылы төрөлгөн бала куткарылды.

Тилекке каршы, ал жерде баланын апасы жана агасы каза болуп калган. Алардын сөөгү чыгарылып туугандарына берилди.

Буга чейин кыргыз куткаруучулары кош бойлуу айымды жана 16 жаштагы баланы куткарышкан.