Түркияда жер титирөөдөн бир кыргызстандык каза болду

Түркияда жер титирөөдөн бир кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

« 11-февралында тастыкталган маалымат боюнча, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышындагы Хатай шаарында болгон жер титирөөнүн кесепетинен Кыргызстандын жараны каза болгондугун терең кайгыруу менен билдиребиз. Маркумдун өздүгү жакындары тарабынан аныкталды. Каза болгон жарандын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, Кыргызстандын Анталиядагы башкы консулдугунун өкүлдөрү маркумдун документтерин даярдоо жана сөөгүн мекенине жөнөтүүгө көмөктөшүү үчүн Хатай шаарында жүрүшөт.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, каза болгондор 20 миңден, жабыркагандар 80 миңден ашты.