Таиландда мунай ташыган кеме жарылды

Таиландда мунай ташыган кеме жарылып кетти. Бул тууралуу Bangkok Post басылмасы жазды.

Белгиленгендей, окуя Муанг аймагындагы Мэй Клонг дарыясында болуп, мунай ташыган танкер өрттөнүп, жарылган.

Жарылуу ширетүү иштери учурунда болгону айтылууда. Кемедеги 10 жумушчунун сегизи дайынсыз болууда.

Танкер верфте үзгүлтүксүз техникалык тейлөөдөн өтүп жатканы жана танктары бош болгону белгиленди.

Күбөлөрдүн айтымында, жарылуу бир нече километр радиуста угулуп жана сезилип, үйлөрдүн терезелери талкаланган.

Азырынча кырсыктан каза болгондор жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок.