Өлкөнүн ооруканаларына 96 рентген аппараты сатылып алынды

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо уюмунда жаңы рентген аппараттары орнотулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Белгиленгендей, 2022-жылдын декабрында 96 рентген аппараты сатылып алынган: 44 аппарат (20 стационардык жана 24 көчмө) – Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) аркылуу, дагы 52 (30 стационардык, 22 көчмө) – Глобалдык фонддун эсебинен ПРООН аркылуу каржыланган. Жаңы сатып алынган аппараттары  жабдуулар жок  же иштен чыккан саламаттыкты сактоо уюмдарына таратылган.

Бүгүнкү күндө бардык аймактардагы медициналык мекемелерге аппараттар орнотулган. 

«Бизде жалпысынан сегиз рентген бар, алардын көбү эскирип, тез-тез бузулуп калчу. Бизге он аппарат берилди, анын аркасында материалдык-техникалык жабдыктарыбызды жаңырттык. Азыр бөлүмдөрдө орнотулууда. Мунун баары медициналык сапатты жакшыртат», – деди Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев.