ИИМдин «Унаа» мекемесинин иши үзгүлтүккө учурады

Бул тууралуу ИИМдин«Унаа» ММнин  басма сөз кызматы Вulak.kg басылмасына билдирди.

Жарандарга кызмат көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин республика боюнча бөлүмдөрү жана секторлору толук кандуу иштеп жатат, бирок “Инфоком” МИнин «Даректик маалымат бюросу» АИСинде электр үзгүлтүктөргө байланыштуу техникалык бузулуулар орун алган.

Учурда «Инфоком» МИнин кызматкерлери кемчиликтерди жоюу иштерин жүргүзүүдө.

Жарандарды КР ИИМдин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрүнө жана секторлоруна техникалык бузулуулар себеби толук жоюлмайынча баруудан карманууну суранабыз, – деп айтылат билдирүүдө.