Кудрет Тайчабаров: “Таиланддагы сойкулар өзүнүн гана өлкөсүндө иштейт”

Бишкек Эркин Экономикалык аймактын башчысы Кудрет Тайчабаров жакында эле депутат Шайлообек Атазовдун жашы он сегиз-жыйырма жаштагылар чет өлкөгө чыгуусуна каршы чыкканын колдоп чыккан.

Көп өтпөй эле ал жеке баракчасында чала сабат журналисттерди сотко бере тургандыгын билдирген.

Интернеттеги дагы бир маегинде ал, “Бул кесип бардык жерде эле бар. Таиланддын сойкуларын башка эч жерде көрбөйсүң, алар өз өлкөсүндө гана иштешет” деп айткан.

Бишкек Эркин экономикалык аймактын башкы директору Кудрет Тайчабаров чет жактардагы кыздар беш миң доллардан тартып, 25 миң долларга чейин таап жатканын да айткан. Кыргыздын белгилүү эле кыздары ушундай жол менен акча таап жүргөнүн уккан Тайчабаров инстажылдыздардын чыныгы жүзүн көрүп шок болгонун да жеке баракчасына жазган.

Буга чейин Тайчабаровго сөгүш жарыяланган.

Боршайкомдун сайтындагы маалыматка караганда, Тайчабаров карындашына төрт сап ыр арнап, «Фейсбукка» билдирүү жазган. БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон бир тууган карындашын ачык сүрөгөн деп, Тайчабаровго чара көрүүнү сурап, Министрлер кабинетине буга чейин кайрылуу жолдогон.

Ал эми Тайчабаров анда үгүт жоктугун, БШКнын позициясы түшүнүксүз экенин билдирип, мамлекеттик кызматкер эместигин, «Бишкек» эркин экономикалык аймагына бюджеттен айлык берилбей турганын айткан.

https://www.facebook.com/100077982273697/videos/1049820422629175/