Чоң Чүй каналында жансыз дене табылды

Бишкектин Чоң Чүй каналында жансыз дене табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-июнь күнү И.Элебесов көчөсүндө Чоң Чүй каналына 1985-ж.т. И.Е. аттуу аял киши чөгүп кеткен.

Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүүгө саат 10:15те Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4, Сокулук райондук №23 ӨКБдан 4, Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 3, жалпы 11 куткаруучу тартылган.

Издөө иштеринин натыйжасында саат 13:05те маркумдун жансыз денеси куткаруучулар тарабынан И.Элебесов көчөсүндө Чоң Чүй каналынан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.