Акылбек Жапаров Орусиянын вице-премьер-министри Александр Новак менен жолугушту

Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров XXV Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышуунун алкагында Орусиянын вице-премьер-министри Александр Новак менен жолугушту.

Жолугушууга Орусиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун президенти Александр Шохин да катышты.

Акылбек Жапаров эки өлкөнүн мунай-газ тармагындагы кызматташуусу динамикалуу өнүгүп жатканын жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Новак өз кезегинде отун-энергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр экенин билдирди.