ИИМдин кызматкери Таиландда өткөн аралаш мушташ боюнча турнирде жеңишке жетти

Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 7-мартынан 12-мартына чейин Таиланддагы Бангкок шаарында аралаш мушташ (ММА) боюнча “ONE LUMPINE” аталыштагы турнирде болуп өткөн.

Ага Кыргызстандан Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отрядынын кызматкери, милициянын улук прапорщиги Саламат Орозакунов да катышкан. Бул турнирде милициянын улук прапорщиги Саламат Орозакунов 84 кг салмак категориясы боюнча чыгып, атаандашын жеңип жеңүүчү аталды.

WhatsApp Image 2023 03 13 at 12.08.29 ИИМдин кызматкери Таиландда өткөн аралаш мушташ боюнча турнирде жеңишке жетти
WhatsApp Image 2023 03 13 at 12.08.30 ИИМдин кызматкери Таиландда өткөн аралаш мушташ боюнча турнирде жеңишке жетти
WhatsApp Image 2023 03 13 at 12.08.30 1 ИИМдин кызматкери Таиландда өткөн аралаш мушташ боюнча турнирде жеңишке жетти
WhatsApp Image 2023 03 13 at 12.08.31 ИИМдин кызматкери Таиландда өткөн аралаш мушташ боюнча турнирде жеңишке жетти