Теңгиз Бөлтүрүк жубайынын сөздөрүн четке кагып, эч кандай кыйноолорго кабылбаганын билдирди

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери СИЗОдогу Теңгиз Бөлтүрүккө барышты.

Маалым болгондой, ЖККУ “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын мурдагы тышкы башкаруучуксу Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы Илмира Алпысбаеванын билдирүүсүн эске алды. Социалдык тармактарда ал күйөөсү кыйноого алынышы мүмкүн экенин айткан.

Үстүбүздөгү жылдын 10-мартында УКМКнын СИЗОсунда жаткан Бөлтүрүккө УКМКнын кызматкерлери барып, жубайынын көйгөйлөрү боюнча баарлашты. Улуттук борбордун өкүлдөрү менен болгон баарлашууда Теңгиз Бөлтүрүк жубайынын сөздөрүн четке кагып, эч кандай кыйноолорго кабылбаганын билдирди.

Буга чейин Бөлтүрүктүн оң билегинде шишик бар экенин анын жубайы билдирген. Ал кысымга кабылган деп божомолдогон.

Эске салсак, 2022-жылдын сентябрь айында Бөлтүрүккө бир нече беренелер боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында, алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген.