Депутат Жеңишбек Токторбаев Жалал-Абаддагы мейманканасынын курулушунда иштеген куруучуну сабадыбы?

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Жалал-Абаддагы мейманканасынын курулушунда иштеген куруучуну сабады деп айыпталды. Бул тууралуу Kaktus.media сайты укук коргоо органдарына таянуу менен жазып чыкты.

Алардын айтымында, 9-март күнү Жалал-Абад ОИИБге 1984-жылы туулган жергиликтүү тургун С.С. арыз менен  кайрылган. Ал Жалал-Абадда курулуп жаткан мейманкананын ээси Жеңишбек Токторбаев тарабынан сабалганын айткан.

Арыз ээси ооруканага жаткырылды, ур-токмокко алуу фактысы катталып, бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Бирок бүгүн, 13-мартта жабырлануучу тарап депутат Токторбаевге коюлган айыпты колдоодон баш тартып, тосмо арыз жазды.

Белгилүү болгондой, Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев жабырлануучудан кечирим сураган эмес.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары мушташып, сабалган окуяларга биринчи жолу аралашып жаткан жок. Анын алдында Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров Бишкектеги “Алтын Ажыдаар” ресторанында мушташып, коопсуздук кызматкери катуу жаракат алганы белгилүү болгон. Бул факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге катталып, иликтөө иштери башталды.