
Блогер, эркин журналист Улукбек Карыбек уулу суракка бүгүн, 11-январда саат төрткө чакыртылган. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына өзү билдирген.
Карыбек уулу Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө чакырылган.
Ал андан бери сурактан чыга элек.
Белгилей кетсек, Улукбек Карыбек уулу өзүнүн YouTube-каналы аркылуу коомдогу көйгөйлөрдү чагылдырып келет.