Гүлнара Журабаеванын абалы начар

БШКнын мурдагы мүчөсү Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан Гүлнара Журабаеванын абалы начарлап кеткен, ал абактаачкачылык кармоодо. Бул тууралуу анын жактоочусу билдирди.

«ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери тергөөчүлөрдүн тапшырмасы менен Гүлнара Журабаеваны экспертиза дайындоо боюнча токтомдор менен таанышуу үчүн ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын имаратына алып бармакчы болушкан. бирок температурасы «39» градуска чейин көтөрүлүп, денеси алсыз болгондуктан ден соолугуна байланыштуу өз алдынча кете алган эмес.

СИЗОнун медициналык бөлүмү Журабаеванын ден соолугу такыр начарлап кеткенге чейин көңүл бурган эмес», — деп жазат ал.

Жактоочу кошумчалагандай, тергөө аракеттерин жылдырууга туура келген.