Октябрь РИИБдин мурдагы башчысы Уланбек Аалиев сот залынан бошотулду

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Уланбек Аалиев 23-декабрда негизинен акталып, сот залынан бошотулду. Анын ишин Биринчи Май райондук соту карады.

Соттун өкүмү менен ал Кылмыш-жаза кодексинин “Кыйноо”, “Опузалап пара алуу” жана “Пара алуу” деген беренелери боюнча “кылмыш курамы жок болгонуна байланыштуу” деген негизде акталды.

Ал эми “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” деген берене боюнча күнөлүү деп табылып, ага 300 миң сом айып салынды.