
Бишкек шаарындагы мектептерде окуу процесси эки күнгө онлайн режиминде өткөрүлөт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.
Министрлик ЕАЭБ саммитине байланыштуу Бишкектин жолдору маал-маалы менен жабылып турарын эске салды. Мындан тышкары коомдук транспортко чектөө киргизилет.
Буга байланыштуу окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында 2022-жылдын 9, 10-декабрында окуу процесси онлайн режиминде өткөрүлөт», – деп айтылат маалыматта.