Бишкектин мектептери онлайн режимине өткөрүлдү

Бишкек шаарындагы мектептерде окуу процесси эки күнгө онлайн режиминде өткөрүлөт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Министрлик ЕАЭБ саммитине байланыштуу Бишкектин жолдору маал-маалы менен жабылып турарын эске салды. Мындан тышкары коомдук транспортко чектөө киргизилет.

Буга байланыштуу окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында 2022-жылдын 9, 10-декабрында окуу процесси онлайн режиминде өткөрүлөт», – деп айтылат маалыматта.