Мамлекеттик ипотекалык компания түп тамырынан туура эмес түзүлгөн, – Сыдыков

Бүгүн, 9-декабрда “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы мамлекеттик ипотека рыногун өнүктүрүү аркылуу калкты турак-жай менен камсыз кылуу маселесин карады. Жыйында фракция лидери Бактыбек Сыдыков Мамлекеттик ипотекалык компания туура эмес иш жүргүзүп жатканын белгиледи.

News 156884004090458994000506288817920661109 Мамлекеттик ипотекалык компания түп тамырынан туура эмес түзүлгөн, - Сыдыков

“МИК бүгүнкү күндө 4% менен ипотека берип жатканы жакшы, аны чоң мамлекеттик программага айлантуу керек. Анткени бүгүнкү күндө коммерциялык банктар 18-22% менен ипотека сунуштоодо.

Бирок Мамлекеттик ипотекалык компания түп тамырынан туура эмес түзүлгөн. Ипотекалык компаниянын бир эле максаты болуш керек. Төмөн пайыз аркылуу элдерди үй менен камсыз кылуу. МИК мүлк фондуна киреше алып келүүгө милдеттүү эмес”, – деди депутат. 

Белгилүү болгондой, МИК мүлк фондусуна 150 млн сом киреше берген.

“Мамлекеттик ипотекалык компанияны акционердик коом кылып түзүп алып, андан пайда табуу – өкмөттүн дурус эмес иши. Качан элдерди турак-жай менен камсыз кылып бүтөбүз? Элдер мамлекет бизди үй менен камсыз кылбай эле, тескерисинче биздин эсебибизден мамлекетке киреше алып келип жатыптыр деп ойлойт. 

Албетте Мамлекеттик ипотекалык компания керек, бирок аны башка системада иштетүү керек. Депутаттардын көпчүлүгү бизнес менен алектенип жүргөндөр. Бул маселе боюнча жардам берели. Керек болсо президентке, министрлер кабинетине сунуштарыбызды берели. Элди үй менен камсыз кылып коюунун эмнеси жаман?”, – деди Сыдыков.