“Эмнеге жаныңызда кармап отурасыз?”: Бактыбек Сыдыков Транспорт министрине кеңеш берди

Депутат Бактыбек Сыдыков Транспорт жана коммуникация министрлиги эл аралык долбоорлор менен өтө начар иштейт деп эсептейт. Бул тууралуу ал, 7-мартта Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, бардык долбоорлор коронавирустук пандемия учурунда башталган.

“Маданият – Жалал-Абад жолунун курулушун бүтүрөм деп төрт министр сөз берген. Төртөө тең кетти. Альтернативдик жолдун (Түндүк-Түштүк) ишин эч ким көзөмөлдөбөйт. Көңүл бургула. Орун басарларыңызды айдаңыз, иштешсин. Жылуу кабинеттерде отурбай, иштешсин! Эмнеге жаныңызда кармап отурасыз? Жумгалдыктар кытайлык подрядчик салышы керек болгон жолдун башталбай калганына нааразы болууда”, – деди эл өкүлү.