Равшан Жээнбеков ооруканадан кайра №1 тергөө абагына которулду

Кемпир-Абад ишине байланышуу айып коюлган оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков ооруканадан кайра №1 тергөө абагына которулду. Анын жактоочусу Замир Жоошев которуу 3-мартта эле болгонун “Азаттыкка” билдирди жана Жээнбековдун учурдагы саламаттыгы тууралуу кийинчерээк маалымат бере турганын айтты.

Саясатчы Бишкектеги жеке менчик ооруканаларын бирине бөйрөгүн дарылатуу үчүн 14-февралда жаткырылган.

Анын алдында Жээнбеков өлкөнүн юстиция министрине, акыйкатчысына, журналисттерге жана укук коргоочуларга кайрылып, саламаттыгына байланыштуу көз каранды эмес консилиум түзүүгө жана тийиштүү дарылануудан өтүүгө жардамдашууга чакырган.

Боор оорусуна чалдыкканын билдирген саясатчы Жаза аткаруу кызматы ага Молдовановка айылындагы №31 колонияга которулуп дарыланууну сунуш кылганын айткан.