«Кытай» каймана аты менен белгилүү УКТ мүчөсү кармалды. Ал адам уурдоого шектелип жатат

Ош ШИИБи: «Кытай» каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Ал адам уурдоого шектелип жатат

Республикабыздын, анын ичинде  Ош шаарынын аймагында өтүп жаткан «Каракчы-тоноочу» аттуу атайын алдын алуу жана ыкчам  иш-чаралардын жүрүшүндө, 8-декабрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери атайын операциялар отрядынын жардамы менен 3 жаранды кармашты. Кармалган жарандар акча өндүрүү максатында адам уурдап, жабырлануучуга моралдык-психологиялык басым жасап, денесине залал келтиришкен.
Кармалган жарандар Кара-Суу районунун тургундары болушат: Оштогу жогорку окуу жайлардын биринде окуган 2002-жылы туулган М.С.,  убактылуу иштебеген 1998-жылы туулган К.уулу Ө. жана 1984-жылы туулган К.У..   Жаран К.У. мурда бир нече жолу оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолуп чыккан. Ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Акча өндүрүү үчүн адам уурдоону уюштурган. Кылмыш чөйрөсүндө «Кытай» деген каймана ат менен белгилүү. Эч жерде  иштебейт.

Аталган жарандар, 2022-жылдын 23-ноябрь күнү Ош шаарынын аймагынан 1988-жылы туулган жергиликтүү тургунду ага таандык болгон «Тайота-Камри» үлгүсүндөгү унаасында коркутуп, жанындагы 10 миӊ сом акчасын, уюлдук телефонун тартып алышкан. Бирок, ал акчага алымсынбастан ири суммадагы акча талап кылышкан. Жабырлануучунун акча берүүдөн баш тартып, каршылык көрсөткөндүгүнөн үч шектүү аны күч менен машинасынын арткы отургучуна отургузушуп, Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагындагы бир үйгө алып барышып, бир бөлмөгө камашып, кайрадан бычак такашып, акча талап кылышкан. Акча талап кылуу түрдүү коркутуулар, ур-токмокко алуу менен коштолгон.
Жабырлануучунун денесиндеги жараттардын оордугун аныктоо максатында атайын соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды. Учурда Ош ШИИБнын ыкчам кызматкерлери тарабынан бул кылмыштуу топтун ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бардыгы, же жоктугу текшерилип жатат.
Шектүүлөр кечээ күнү, 8-декабрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы

WhatsApp Image 2022 12 09 at 11.10.07 «Кытай» каймана аты менен белгилүү УКТ мүчөсү кармалды. Ал адам уурдоого шектелип жатат
WhatsApp Image 2022 12 09 at 11.10.07 1 «Кытай» каймана аты менен белгилүү УКТ мүчөсү кармалды. Ал адам уурдоого шектелип жатат