2022-жылдын 6-декабрь күнү саат 10.00 чамасында Өзбекстандын жараны “Деу-Лассети” үлгүсүндөгү унаасын айдап баратып, Риштан-Сох автожолунун 16-километринде, тактап айтканда, Миң-Чынар айылынын батыш тарабын көздөй баратканда, унаанын кыймылдаткычына газ баллон жабдыгы орнотулгандыктан кокусунан жарылып кеткен. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Жарылган унаада жалпысынан Өзбекстандын 4 жараны болгон, жабыркагандар болгон эмес.
Бул факты Кадамжай районунун РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат.
![WhatsApp Image 2022 12 07 at 07.50.15 Кадамжай районунда Өзбекстандын жаранынын автоунаасы жарылып кетти](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2022/12/WhatsApp-Image-2022-12-07-at-07.50.15.jpeg)