Россиянын 74 аймагында чочко тумоосу табылды

Россиянын 74 субъектинде чочко тумоосу аныкталганын Роспотребнадзордун басма сөз кызматынан журналисттерге билдиришти.

«Сасык тумоо эмес этиологиядагы респиратордук вирустардын түзүмүндө риновирустардын (13,3%), РС вирустарынын (12,0%), метапневмовирустардын (10,1%), аденовирустардын (7,2%) үлүшү эң жогору бойдон калууда. Чочко тумоосу деп аталган оору буга чейин Россия Федерациясынын 74 аймагында аныкталган», – деп айтылат ведомствонун маалыматында.

Буга чейин Орусиянын саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко чочко тумоосунун жайылышы жана эмдөөнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурган.