5 жашар бала чочко тумоосунан чарчап калган

Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Асел Сүйүнбаева чочко тумоосунан жаш бала каза болгонун билдирди.

“Досумдун 5 жаштагы жалгыз уулу чочко тумоосу жүрөгүнө таасир берип каза болду. Азырынча балдар менен коомдук жайларга барбагыла”, – деп жазган ал.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бала 22-декабрда Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна оор абалда вирустук инфекциянын белгилери менен түшкөнүн түшүндүрдү.

“Өзгөчө штаммдын бар экендиги аныкталган эмес, оорулуу курч респиратордук вирустук инфекция менен ооруканага жаткырылган. Баланын тубаса жүрөк оорусу болгон жана ага буга чейин хирургиялык кийлигишүү жүргүзүлгөн. Вирустук инфекция жүрөк-кан тамыр системасынын оорлошуусун шарттаган. Ишти атайын комиссия карап, андан кийин кошумча маалымат берилет”, – деди министрлик.

Эне жана баланы коргоо улуттук борбору ошондой эле балада эки тараптуу пневмония болгонун билдиришти.