Кадамжай районунда Өзбекстандын жаранынын автоунаасы жарылып кетти

2022-жылдын 6-декабрь күнү саат 10.00 чамасында Өзбекстандын жараны “Деу-Лассети”  үлгүсүндөгү унаасын айдап баратып, Риштан-Сох автожолунун 16-километринде, тактап айтканда, Миң-Чынар айылынын батыш тарабын көздөй баратканда, унаанын кыймылдаткычына газ баллон жабдыгы орнотулгандыктан кокусунан жарылып кеткен. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Жарылган унаада жалпысынан  Өзбекстандын 4 жараны болгон,  жабыркагандар болгон эмес.

Бул факты Кадамжай районунун РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат.

WhatsApp Image 2022 12 07 at 07.50.15 Кадамжай районунда Өзбекстандын жаранынын автоунаасы жарылып кетти