Калаанын 12-кичи районунда жылуулук түйүнүндө жарылуу болду

Бишкек шаарындагы 12-кичи райондо жылуулук түйүнүндө жарылуу болду. Бул маалыматты «Бишкек жылуулук» мекемеси билдирди.

Аварияны калыбына келтирүү иштери аткарылган. Айрым турак жайларда жылуулук менен ысык суу үзгүлтүккө учурады.

Ошондой эле Политех районунда электр насостук станцияда авариялык өчүрүү болуп, калыбына келтирилди.