Ош облустук Ички иштер башкармалыгында мектеп окуучулар үчүн “Ачык эшик күнү” өткөрүлдү

Бул тууралуу Булак. кж редакциясына Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын 30-ноябрь күнү Ош ОИИБде мектеп окуучуларына “Ачык эшик күнү” уюштурулду. Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Ош ОИИБдин начальнигинин орун басары милициянын полковниги Талант Шатманов, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын балдар иштери боюнча инспекциясынын начальниги милициянын полковниги Нуржан Адылова, мектеп окуучулар жана аларды жетектеп келген мугалимдер катышты.

WhatsApp Image 2022 11 30 at 12.28.03 2 Ош облустук Ички иштер башкармалыгында мектеп окуучулар үчүн “Ачык эшик күнү” өткөрүлдү


Иш-чара алгач, чакырылган мектеп окуучуларга Ош ОИИБдин саптык аянтчасында курал-жарактар менен тааныштыруу, андан кийин спорт залында Ош ОИИБдин Атайын багыттагы даярдалган отрядтын кызматкерлери тарабынан жоокердик кармашуунун ыкмаларын көрсөтүлдү.
Мындан сырткары, имараттын ичиндеги сүрөт, баннерлер көрсөтүлүп, жалпы жыйындар залында уланды.

WhatsApp Image 2022 11 30 at 12.28.02 Ош облустук Ички иштер башкармалыгында мектеп окуучулар үчүн “Ачык эшик күнү” өткөрүлдү


Ошондой эле, Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы тарабынан даярдалган кыска метраждуу “Темир тор артындагы балалык” аттуу фильм көрсөтүлуп, окуучулар тарабынан даярдалган зордук-зомбулук боюнча номерлер аткарылып, ырлар ырдалды.
Иш-чара Коомдук коопсуздук кызматы тарабынан “Зомбулуксуз жашоо” аталыштагы семинар-сабактар менен уланып, соңунда милициянын генерал-майору Базарбай Нурматов атындагы тарых музейине саякат уюштурулду.


Соңунда иш-чарага катышкан окуучуларга китептер жана баалуу белектер берилди. Берилген белектер “Saferworld” эл аралык уюму жана Кыргыз Республикасынын ИИМи тарабынан каржыланды.

WhatsApp Image 2022 11 30 at 12.28.03 1 Ош облустук Ички иштер башкармалыгында мектеп окуучулар үчүн “Ачык эшик күнү” өткөрүлдү