Жусупбек Коргонбай уулу: Жапаров Японияга жөн эле саякаттабай, жок дегенде бир жумуш бүтүрө келсин

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 30-ноябрдагы жыйынында билдирди.

Коргонбай уулу Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун Японияга болгон сапарында япониялык JICA уюму менен Ноокат жолу боюнча сүйлөшүп келүү талабын койду.

«Ош-Баткен-Исфана жолунун Ноокат районундагы тилкесин (28-75-чакырымын) оңдоп-түзөө иштери баштала элек. Акылбек Жапаров ушул тапта Японияда расмий сапар менен экен. Мына ошол сапардын алкагында JICA уюму менен Ноокат жолунун тендерин чече келсин. Жөн эле саякаттап барып келбесин. Жок дегенде бир жумушту бүтүрө келсинчи» , — деди эл өкүлү.