Калаа мэри кызматтан кеткен жок, – мэрия

Бишкек шаарынын мэри кызматтан кетти деген кептер – ушак. Бул тууралуу Вulak.kg редакциясына мэриядан билдиришти.

“Калаа мэри өз кызматында мурункудай эле иштеп жатат”, – деп айтылат мэриянын маалыматында.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров кызматын тапшырганы тууралуу ушак-кептер жана такталбаган маалыматтар тараган.

WhatsApp Image 2022 11 30 at 12.52.46 Калаа мэри кызматтан кеткен жок, - мэрия