Айбек Осмонов Ош шаарынын мэринин алмашканына нааразы болду

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов Ош шаарынын мэринин алмашуусун сынга алды.

«Аткаруу бийлиги бир туруп анысын, бир туруп мунусун алып барат. Бул эмне деген нерсе? Элди мазактап жатабы? Алмаз Мамбетовду дайындады, ал жакшы иштеп келе жаткан, бирок анын иштери аягына чыкпай туруп башка бирөөнү коюп жатат. Аны алмаштурууга бир себеп болушу керекпи же жөн жерден алмаштырып кое береби?» , — деди Осмонов.

Эске салсак, 29-ноябрда президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кызматынан алынып, анын ордуна экс-депутат Бакытбек Жетигенов дайындалды.