№67 мектепке “бомба коюлган” деген маалымат түшкөн

Бүгүн, 30-ноябрда №62-мектептин электрондук дарегине №67-мектепте бомба коюлганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

819b5568 85cc 4ad4 9cb6 0db46217f134 №67 мектепке "бомба коюлган" деген маалымат түшкөн

“Бул факты боюнча №62 мектептин жетекчилиги дароо милицияга кабарлаган. Милиция кызматкерлери мектепке барып, имараттын ичиндегилердин баары эвакуациялап, текшерүү иштери жүргүзө баштаган”, – деп билдиришти мэриядан.

Эске салсак, буга чейин №67 мектептен өрт чыкканы айтылып, окуучулар эвакуацияланганы белгилүү болгон.