Кумтөрдүн алтыны каякта?, – Балбак Түлөбаев

Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кенештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев «Кумтөрдүн» алтыны боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын маалыматын угууну сунуштады.

Ал комиссия түзүлгөндөн бери эч кандай маалымат бере электигин билдирди.

«Кумтөрдүн» алтыны боюнча оппозиция-позиция да айттык эле. Бул иш эмне болуп жатканын коомчулук күтүп жатат. Комиссиянын төрагасын угуп койбойлубу, күтө беребизби?! Өткөндө «Кумтөрдүн» алтыны кайсы жакта?» деп кырылып жаттык эле. Эч нерсе жок, баштай элекпиз.

Төрага, анын орун басарын шайладык. Ошондон бери иш жок. Комиссияны төрага менен анын орун басарын шайлаш үчүн курдукпу? Кумтөрдүн былтыркы, быйылкы 10 айдагы алтыны кайсы жакта, каякка кетип жатат? Эл күтүп жатат. Ошону тактап, коомчулукка ачык жарыялап койбойлубу. Комиссияны угуу маселесин бүгүнкү күн тартибине киргизип, маалыматын угалы», — деди ал.

Эскерте кетсек, «Кумтөрдүн» алтыны тууралуу маалыматтар ачык айтылбаганына байланыштуу коомчулукта көп сындар айтылгандыктан 28-сентябрда аталган кендеги алтын боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Ага 13 депутат кирип, 27-октябрда комиссиянын төрагасы болуп Исхак Масалиев шайланган.