Баткенде жол кырсыктан 8 киши каза болду

Баткен облусунун Кадамжай районунда 22-ноябрда болгон жол кырсыктан 8 киши каза болуп, бирөө ооруканага түштү. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы саат 19:30 чамасында Ош – Раззаков жолунда болгон. Анда Mercedes Sprinter менен Opel Vectra унаалары кагылышкан. Жол кырсыктын айынан 8 адам каза болуп, 1 киши Баткен облустук биргелешкен ооруканасына түшкөн.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

x74f5f61b e155 4ddb a55e f5fb959b96be.jpg.pagespeed.ic .iPX2Lmn45n Баткенде жол кырсыктан 8 киши каза болду